Кыргыз Студент

Bashky Bet! Studkenesh Baylanysh Shilteme Forum Fotoalbom
   Поискать на сайте   
  Добро Пожаловать на Кыргыз Студент
 
Mеню
Башкы бет
Студкеңештен
Жаңылыктар
Жаңылык кошуу

Жаңылыктар
Бөлүмдөр
Архив
Жаңылык кошуу

Форум
Соңку талкуулар
Жаңы темалар
Эң көп окулган темалар
Архив

Фотоальбом
Программа
Анкета
Чат
Шилтемелер
Жаңы сайт кош
Популярные
Рейтинг

Макалалар
Add an article
Article archive
Stats

Видео
Topics
Archive
Submit

Mүчөлөр
Маалымат

Учурда сайтта
 Коноктор: 6
 Мүчөлөр: 0
 Баары: 6
 

Тобокел сүрөт


Жаңы мүчөлөр
1pjackyjvk
2dionnemcmahon
3al3nkaiva
4pfaxanblog
5GMaynard20
6MaoHerman
7DeanRobles
8StepWolf29
9teleco
10caitling
 Бардык катталгандар: 1093

Студкеңеш : Реконструкция
Жарыялаган: Asylbek_Abdyrahmanov Датасы: 18.3.10 14:03 (56 жолу окулду)

Сайт Стамбул Кыргыз Студкеңеши тарабынан реконструкцияланып жатат. Ой-пикирлериңиз болсо, биз менен бөлүшсөңүз ыраазы болобуз.

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 407 символ | Жорум?

Студкеңеш : Волейбол Турнири
Жарыялаган: administrator Датасы: 11.2.09 12:57 (188 жолу окулду)


Студкеңеш тарабынан уюштурулган волейбол турнири аяктады. Турнир аябай кызыктуу оттү.
Командалардын жеңүүчүлөрү приз жана медал менен сыйланды. Турнирдин спонсорлору Жөнөкөй Жигиттер жана Gaye фондуна студенттердин атынан чоң ыраазычылыгызбызды билдиребиз.

Турнирдин жеңүүчүлөрү :
чемпион: Мармара командасы
2) Мертер командасы
3) Манас командасы

Стамбул Кыргыз Студкеңеши

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 727 символ | Жорум?

Студкеңеш : Волейбол Турнири Аяктады
Жарыялаган: Turgunbay_Abdiev Датасы: 11.2.09 12:47 (154 жолу окулду)


Студкеңеш тарабынан уюштурулган волейбол турнири аяктады. Турнир аябай кызыктуу оттү.
Командалардын жеңүүчүлөрү приз жана медал менен сыйланды. Турнирдин спонсорлору Жөнөкөй Жигиттер жана Gaye фондуна студенттердин атынан чоң ыраазычылыгызбызды билдиребиз.

Турнирдин жеңүүчүлөрү :
чемпион: Мармара командасы
2) Мертер командасы
3) Манас командасы

Стамбул Кыргыз Студкеңеши

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 727 символ | Жорум?

Студкеңеш : Eğitim Yılı Sonu Şöleni
Жарыялаган: Asylbek_Abdyrahmanov Датасы: 27.6.08 18:44 (5212 жолу окулду)


Sevgili arkadaşlar,

2008 eğitim yılı sonu sebebiyle öğrencilerimizle birlikte bir akşam geçirmeyi planladık. 30 Haziran 2008 Pazartesi günü akşamı, İstanbul Büyükşehir Belediyesi Sosyal tesislerinde yemekli, ödül törenli ve sürpriz sanatçıların katılacağı bir program hazırladık.

Atatürk öğrenci yurdu - Edirnekapı öğrenci yurdu ve Vezneciler kız yurdundan araç kaldırılacaktır. Araçlar 30 Haziran 2008 Pazartesi günü akşamı saat 17.00'da hareket edecektir.

Söz konusu yemeğimize ve programımıza Türk Dünyasının tüm öğrencileri davetlidir. Öğrenci sınırlaması yoktur. Söz konusu programa vali, vali yardımcıları, belediye başkanı ve Ankara'dan üst düzey yetkililer de katılacaklardır. Bu sebepten tüm arkadaşlarınıza duyrulması ve katılımlarının en üst seviyede sağlanması hususunu önemle rica ederim.

İnşaallah birlikte güzel vakit geçiririz...

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 1444 символ | Жорум?

Студкеңеш : АЙТМАТОВ – КЫРГЫЗДЫН УРУМДА ЖОК УУЛУ ЭЛЕ
Жарыялаган: administrator Датасы: 11.6.08 15:58 (5316 жолу окулду)


Атпай журтка чоң кайгы келди: кыргыз эли урумда жок уулунан – Чыңгыз Айтматовдон ажырады. Апазы суук бул кабар кыргызга түндүгү түшүп, түркүгү кулагандай эле оор окуя болду.


Чыңгыз Айтматов – дүйнөнүн кайсы бурчунан туруп карасаң да азыркы заманда адамзат чыгаан санаган саралуу таланттардын эч киминен кем калбаган,тескерисинче, аларга эгей-шыгай болуп, тең келип турган ысым эле.

Айтматовдун аты менен кыргыз улут катары башка элдердин баамына урунуп, алар менен үн алыша, үзөңгүлөш жүрө алган эл болуп көрүндү. Айтматов үркөрдөй бир ууч элин дүйнөлүк заманбап маданияттын кеңири чабытына алып чыгып, анын барааттыгын баарына таанытты. Алыс-жуук жамаат да Айтматов десе кыргызды, кыргыз десе Айтматовду билчү эле. Айтматовдун кыргызга кылган улуу кызматы ушунда турат. Ал өзү да көрүнгөн эле элдин шыбагасына бүтө бербеген, ар кандай эле калкка жазмыш атаа кыла бербеген, жаза тайып кылымда бир жаралып калчу улуу адамдардын уркунан эле.

Өзбекстандык белгилүү калемгер Мухаммед Солихтин баасында Айтматов түрк калктарынын даанышманы, озук ойчулу эле. “Чыңгыз Айтматов XX кылымдагы мүлдө түрк ааламынын ар-намысы жана сыймыгы эле, - дейт ал. – Элдик түшүнүктө ал көңкү түрктөрдүн кеменгери, көсөмү деп айтса боло турган инсан болчу”.

Көзү тирүүсүндө эле көп элдин ушуга окшош бийик баасына татыган Айтматов эми арабызда жок. Кайран киши көк теңирде балбылдап күйүп туруп, капыстан кулап учкан жылдыздай болуп бу ааламдан өтүп кетти. Бул ачуу чындыкка тен бере, кабырга кайшып турган ушул азалуу чакта кандай адамдан айрылганыбызга ой чаптырып отуруп, убарлуу журттун уюткусунан жалгап Айтматовдой дагы бир чыгаан азамат кыргыздан чыгар бекен?-деп камсыгып кетесиң.

Ылайым атпай кыргызга Айтматовдун аты бир кезде өндүрүндө өзү төрөлүп, торолуп өскөн Манас-Атанын ак кар, көк музундай болуп түбөлүк турсун!

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 2541 символ | Жорум?

Студкеңеш : Магистрантура и докторантура
Жарыялаган: administrator Датасы: 3.6.08 11:26 (145 жолу окулду)


Документы, требуемые от поступающих. (в двух экземплярах).
1. Заявление на имя Министра образования и науки Кыргызской Республики (на государственном или официальном языке);
2. копия диплома о высшем образовании (бакалавриат, магистратура);
3. транскрипт;
4. результаты экзаменов ALES;
5. копия паспорта;
6. автобиография (на государственном или официальном языке);
7. заполненная форма YOK.
8. фотография 2 шт.
ФОРМА


ДОКУМЕНТЫ ДОЛЖНЫ БЫТЬ НАПРАВЛЕНЫ ПО ПОЧТЕ
С 20 ГО ПО 30 ИЮНЯ


Kırgızistan Eğitim Temsilciliği
GMK Bulvarı, No:109 M.E.B,
Maltepe/Ankara
P.K.: 066448

Altynbek JOLDOSHOV

Tel.: (0312) 230-36-44-(dahili-113-115)
GSM: (0555) 522-16-09
mebaltynbek@yahoo.com

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 1062 символ | Жорум?

Студкеңеш : Жалпы Пикник 2008
Жарыялаган: Asylbek_Abdyrahmanov Датасы: 18.5.08 18:04 (5417 жолу окулду)


Кулактандыруу!

Урматтуу Кыргызстандыктар,

Студкеңеш бул жылы да Кыргызстандык студенттерди,үй-бүлөөлүлөрдү,иштегендерди жана башкаларды топтоо,Кыргызстандын атмосферасын жаратуу максатында "Жалпы Пикник 2008" аттуу пикник уюштуруп жатат. Өзүңүздөр билгендей урматтуу Кыргызстандыктар, сиздерден бир гана келип,көңүл ачып кетүүңүздөрдү каалайбыз. Ардайымкындай бүткүл организацияны Студкеңештин мүчөлөрү өздөрү өткөрөт.

БУЛ ЖЫЛКЫ ПИКНИКТИН СПОНСОРЛОРУ - СТАМБУЛДА ОКУГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК 2002-ЖЫЛКЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР.


Пикниктин Датасы: 25-май 2008 (Базар күнү)
Жери: Белград Токойу


АВТОБУС СААТ 9.30 ДА АТАТҮРК ЖАТАКАНАСЫНДАН ЖОЛГО ЧЫГАТ. (Кеч калбай,убагында келүүңүздөрдү суранабыз)

Стамбул Кыргыз Студкеңеши

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 1216 символ | Жорум?

Студкеңеш : Волейбол Турнири
Жарыялаган: Asylbek_Abdyrahmanov Датасы: 5.5.08 18:30 (146 жолу окулду)


Студкеңеш 11-майда ВОЛЛЕЙБОЛ ТУРНИРИН уюштуруп жатат.Бүткүл Кыргызстандыктардын ойноп,көңүл ачып кетүүлөрүн каалайбыз.Турнирге катышуу акысыз.Кыздардан да атайын команда күтөбүз.Турнирде ойной тургандар sport@kyrgyzmail.com э-дарегине команданын атын жөнөтүүңүз же Тургунбай Абдиевге (0555 647-96-72) билдирип коюуңуз жетет.

П.С. Өзгөчө гендердик теңдик болуусу үчүн кыздардан да команда күтөбүз.

ИЗМИРДИН КУРАМА КОМАНДАСЫ КЕЛМЕКЧИ.


Турнирдин жери: Ataturk Ogrenci Yurdu Spor Salonu (Кыргызстандыктар үчүн кирүү ачык болот)
Датасы: 11-май, 2007
Башталышы: 10.30


КӨРҮҮЧҮЛӨРДҮН КЕЛИП, КӨҢҮЛ АЧЫП КЕТҮҮЛӨРҮН КААЛАЙБЫЗ

Стамбул Кыргыз Студкеңеши


  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 1197 символ | Жорум?

Студкеңеш : Кош Келдиңиз!
Жарыялаган: administrator Датасы: 12.4.08 13:08 (5331 жолу окулду)


Студкеңеш : Шаарлар Арасы Кыргызстандык Студенттер Футбол Турнири
Жарыялаган: Asylbek_Abdyrahmanov Датасы: 30.3.08 18:50 (166 жолу окулду)

Чемпион - АНКАРА
2-орун - СТАМБУЛ
3-орун - ЭСКИШЕХИР
4-орун - УЛУУ ПАМИР (ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЫРГЫЗДАР)

  Уландысын окуу » | Макаланын өлчөмү: 123 символ | Жорум?

« Мурунку[1] 2 3 ... 5 Уландысы »

- Генерация страницы: 0.228841 секунд -